Жалал-Абад шаарында Самаган Жапарбаевдин элесине арналган кыз-келиндер арасында волейбол боюнча облустар аралык мелдеш уюштурулду. 8 команда таймашып, соңунда Ош шаарынын атынан катышкан «ОшМУ» командасы 1-орунду ээледи. Уюштуруучулардын атынан 30 мин сом акчалай сыйлык, кубок, диплом менен сыйланды.
“Аталган мелдеште 2-орунду Баткен областынын, 3-орунду Жалал-Абад областынын курама командалары ээледи. “ОшМУ” командасынын оюнчусу, Дене тарбия факультетинин студенти Маматжан кызы Адина “Эң мыкты чабуулчу” номинациясына ээ болду”, -деди команданын тренери Нурзат Исмаилова.