"Үмүт" телестудиясынын факультеттерге болгон кезектеги саякатты Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинде уланды. Бул көрсөтүүдө билим алууга түзүлгөн шарттар, илимий, өндүрүштүк базалар жөнүндө маалыматтар берилген.
1951-жылы Ош педагогикалык институтунун карамагында орус жана кыргыз филология бөлүмдөрүнөн турган филология факультети ачылган. 1992-жылы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү жана илим министрлигинин буйругунун, ректораттын чечими менен өз алдынча эки факультет болуп бөлүнгөн. 1992-жылы 2-июлдагы Кыргыз Республикасынын Билим Берүү министрлигинин буйругу менен өз алдынча Кыргыз филологиясы факультети болуп түзүлүп, адистерди даярдоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон. 2010-жылы ОшМУнун Окумуштуулар кеңешинин (31.08.10.) чечимине ылайык факультет Кыргыз филологиясы жана журналистика деп аталып, кайра түзүлгөн.
Даярдагандар: «Үмүт” телестудиясынын “ОшМУга саякат” берүүсүнүн алып баруучусу Айпери Мамытбекова. Оператору Нурсултан Бакай уулу. Монтаждаган Жолдош Шермаматов.