НУР ГЕЗИТИНЕ ЫСЫМ ЫЙГАРЫЛЫШЫ........

Башкы Жаңылыктар

НУР ГЕЗИТИНЕ ЫСЫМ ЫЙГАРЫЛЫШЫ........

Image

Тарых илимдеринин кандидаты, доцент, этнограф Абдимитал Мурзакметов:

Сатыбалды Мамытовдун сунушу менен “Нур” деген ысым ыйгарылган

Быйыл Ош мамлекеттик университетине таандык болгон “Нур” гезитине  30 жыл толуптур. Убакыттын учкул экенине, билинбей 30 жыл  толгонуна таң калып олтурам.  Ушул гезиттин чыгып калганына менин күбө болуп калган жайым бар. Ал кезде, тактап айтканда 1992-жылы, кыргыз филологиясы факультетинде 4-курстун студенти элем. Биз окуп жаткан убакта Комсомол комитети иштеп, студенттердин баары комсомолдор болушкан. Комсомол комитети студенттердин сабактан тышкары болгон бош убакыттарын башкарып, кандай жумуш кылыш керек, бүтүн иш-чараларды уюштуруп турган. Ошол убакта жаштар саясатка активдүү аралашып турган убагы болгондуктан, баарын комсомол комитети көзөмөлдөп турган. СССР тараганда комитет жоюлуп, окуу жайлар анын ордун толтуруу үчүн аракет кыла баштаган. ОшМУ ал учурда  Ош мамлекеттик педагогикалык институту болчу. Институтта “Студенттик союз”, “Студенттик профсоюз”  деген уюмдар түзүлүп, студенттер менен иштөөнү баштаган. Факультеттин Студенттик союзунун эң биринчи төрагасы мен болсом, студенттик профсоюздун төрагасы  менин курсташым, досум,  ыраматылык  Каныбек Исаков болчу. Студент болгонубуз менен университеттин коомдук  иштерине аралашып, факультеттин Окумуштуулар кеңешине мүчө болуп, өзүбүздү факультеттин толук кандуу бөлүгү катары сезип калган учур эле. Ошол көз ирмемдер чынында кызыктуу өткөн, биз мүмкүн болушунча студенттердин жашоосу кызыктуу болушуна аракет жасап, кошумча билимин өркүндөтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүп берген экенбиз.   “Кыргыз таануу”  деген шоу таймаштын сериясын өткөрүп,  анын суроосун улутка, тарыхка, адабиятка, тилге байланыштырып түзүп чыкканбыз. Ошол кезде мугалимдер үчүн  Ош облустук билим берүү башкармалыгы тарабынан “Билим булагы” деген гезити чыгып, биздин бир таймашыбыздын сценарийин Каныбек экөөбүз авторлош болуп жарыялаганбыз. Биз кыргыз филологиясы факультетинде окугандыктан, студенттер окуудан сырткары да билимин жогорулатсын, мектептерде иштеген учурда алган билимин окуучуларга ар кандай методикалар менен жеткирсин, изденгич мугалим катары калыптансын деген максатыбыз болчу. Өзүбүз окуган факультеттин сулуусун аныктаган «Филфак периси», жигиттердин арасындагы «Факультеттин шумкары», окуп жүрүп үй-бүлө курган студенттердин арасындагы «Мыкты үй-бүлө», эстрада ырларын аткаруучулардын «Алтын үн», филфактын куудулдарын аныктаган «Күлкү жана тамаша» ж.б. сыяктуу конкурстарыбызды өткөргөн учурларыбыз али да көз алдымда. Ушундай иштерди аткарып жүрүп, идеяларыбызды талкуулап атып, мугалимдер менен жакын мамиледе болдук. Алар менен пикир алышып, баарлашып турчу элек.  Каныбек экөөбүз студен учурубузда аскерде кызмат  өтөп, аны менен катар үй-бүлөлүү болгонубуз үчүн да мугалимдер менен эркин маектешип жүрчүбүз.

         

Ошол кездеги бизди окуткан мугалимдердин ичинен ыраматылык  Сатыбалды  Мамытов деген агайыбызды эскерип айта кетким келет. Ал киши бизди студент болгонубуз жөнүндө буйрук чыгып, бирок институттун босогосун али аттай элек мезгилде Кара-Кулжа районуна чөп чабууга алып барган.  Агай бизди 1 ай жетектеп, бирге жүргөндүктөн, айткан сөзүн тыңшап, кунт коюп угуп, бүтүн студенттер тапшырмасын аткарып жүрдүк. Ошол кезде агайдын колунда Жоржи Амадунун “Дона Флор и два её мужа” деген чыгармасы жүргөндүгү эсимде. Ал романды  кийин гана Сатыбалды агайдын таасиринен улам издеп, таап окуп чыккам.  Сатыбалды агай  орус адабиятынан сабак өтүп, бизге жаңы жаңылыктарды ачып берген мугалим катары эсибизде.  Агай Татарстандын Казань шаарында  “XIX кылымдын аягындагы XX кылымдан башындагы татар-кыргыз  байланыштары” деген темада кандидаттык диссертациясын коргоп, илимдин жаш кандидаты болуп, орус филологиясы жана кыргыз филологиясындагы студенттер үчүн  кадыр-баркка ээ болгон жигердүү устат катары көңүлүбүздө калды. Ал    гезиттерге, журналдарга  такай макала жазып, адабий турмушка активдүү катышкан инсан эле. Сатыбалды агайдын көптөгөн макалалары гезит бетине, көлөмдүү макалалары “Ала Тоо”  журналына  жарыяланган. өзүнүн докторлук диссертациясын дагы Казань шаарына барып, архивдик материалдарды издеп, жазып жүргөн учурда  дүйнөдөн өтүп кетти.

“Нурдун” жаралышы тууралуу сөз кылганда ОшМУнун тунгуч ректору, тарых илимдеринин кандидаты Бакыт Жолчубекович Бешимовду айтпай кетүүгө болбойт. Ал киши Кыргызстан өз алдынча эгемендүү мамлекет болгон мезгилде президенттик аппаратта иштеп, андан соң биздин институтка ректор болуп келген. ОшМУнун университет деген макам алуусуна бул агайдын салымы жогору. Ошол кезде университеттин аурасы өзгөргөндүгү байкалган. Университеттик дух пайда болуп, элдин баары “жаңыланышыбыз керек экен", "үйрөнүшүбүз керек экен” деген ой менен жашап калышкан. Биз жетекчиге карап түзөлгөн калк экенбиз.  Ошол үчүн ректордун аракети, жеке үлгүсү, ишмердүүлүгүнүн жыйынтыгында университет ичинде өзгөрүүлөр жүргөн. Агай өзүнүн командасына жаш мугалимдерди, илимпоздорду топтогону, улуу муундарга карата: “Аксакалдар бийлик талашпасын, жилик талашсын”,-деген позицияда болгону да эсибизде. Ошол кездеги бюджет ченемдүү болгонуна карабай, “университет өзүнүн атына татыктуу болушу керек” деген ой менен университетке көптөгөн өзгөрүүлөрдү киргизген эле. Бакыт Жолчубекович Батыш баалуулуктарына, маданиятына ыктаган киши болчу. Мына азыркы күндө да Америкада үй-бүлөсү менен жашап жатат. Ошол киши Батышта университеттердин менчик гезиттери,  журналдары  чыкканын көрүп, бир жыйында ошол идеяларды козгогон жайы бар экен.

Мына ушундай убакта башкы корпустун сол канатындагы бир каанада жогоруда айтылган Сатыбалды агай, философия илимдеринин кандидаты Маматемин Эркебаев агай, Каныбек, мен (дагы ким бардыгы эстен чыгыптыр) болуп отуруп, университеттин өздүк гезитин чыгаруу жөнүндө идеяны козгоп, талкуу уюштурганбыз. Ага чейин окуу жай жөнүндө маалыматтар алгач  баракчаларга гана чыгарылып,  аны ошол ректоратка жакын жерлерге илип коюшат эле. Аны айрым кызыккандар окуса, көбү жөн эле жанынан кайдыгер өтүп кетчү. Бир нускадан  декандарга таратып, алар факультеттерге барып илдирип коюп жүргөн кез болчу. Гезитти  түзүү  жөнүндө идея баарыбызды аябай толкундатты. Университеттин да өзүнүн гезити боло турганына кубанганбыз. Анткени, буга чейин борбордун, анан областтын, райондун гана гезиттерин көрүп жүргөнбүз да. “Гезит чыга турган болсо атын кандай коёбуз?” деген суроо талкууга түшүп, ар кандай аталыштарды сунуштай баштадык. Биз “Студент”, “Студенттин үнү”, “Эне-Сай” сыяктуу аталыштарды айтып жатсак, Сатыбалды агай гезиттин аталышын “Нур” деп коёлу деп калды. Агай Татарстанда окуп жүргөн мезгилде Казань шаарында ошондой гезит чыгарын белгилеп, анын  лозунгун татарчалап айтты, бизче “Күн нурун тегиз чачат” болот экен. Бул аталыш баарыбызга жагып, ошону менен  гезиттин аталышын Сатыбалды Мамытовдун идеясы менен “Нур” деп чечтик. Студенттерге, мугалимдерге бирдей караган, алардын акыйкаттуулугун камсыздаган гезит болсун деген ниет менен ураанын да “Күн нурун тегиз чачат” деп калтырдык. Экинчи маселе редакторду шайлоо болчу. Маматемин агай: “Аябай жигердүү иштеп жаткан мезгилиң, ошол үчүн өзүң редактор бол”,-деп калды эле, Сатыбалды агай: “Жок, ичибизден аксакалыбыз сиз экенсиз,  кыргыздарда улуусун урматтаган салт бар эмеспи, ошол үчүн биринчи сиз боло бериңиз, андан кийин жаштар болор, дайыма эле бир киши редактор болуп тура бербейт”,- деп Маматемин агайдын өзүн сунуш кылды. Маматемин агайга  деле  ушул  жүйөө жакты окшойт, макулдугун берип, Маматемин  агай гезиттин эң биринчи редактору болуп калды.

       

 Бүгүн “Нур” гезитинин эң алгачкы редактору болгон маркум Маматемин Эркебаев,  гезиттин аталышын, ураанын, ал тургай редакторун чечкен маркум Сатыбалды  Маматов, гезиттин өнүгүшүнө салымын кошуп, түрдүү идеяларды ишке ашырган Каныбек Исаков – баары биздин арабызда жок. Эмгегин университеке арнап жүрүп өтүп кетишти. Бирок “Нур” гезити тирүү, “Нур”гезити дагы деле чыгып келе жатат.

“Нур” гезити мына быйыл 30 жашка толуп жатыптыр. Эгерде адамдын биологиялык курагы менен салыштыра турган болсок,  30 га чыккан адам инсан катары калыптанып, акыл-эске, ал тургай кара күчкө толуп, үй-бүлө куруп, бийик деңгээлге жетип калган курак. Гезиттин 30 жашы менен куттуктап жатып, айрым пикирлеримди айта кетким келет. “Нур” гезитинин мен такай айтып келген мүчүлүштүгү бар – бул анын айына бир гана жолу чыга тургандыгы.  Айдын башында болуп аткан окуя, кийинки айдын башында чыгып аткан гезитке бир ай кечигип жарыяланат. Гезит эң кур дегенде жума сайын чыгып турса да бир жөн, айына бир жолу чыккандан кийин маалыматтар кыйла эскирүү менен, актуалдуулугун жоготуу менен жетет.  Гезиттин жакшы жагын, мен өзүм иштеген факультетти мисал кылып айтсам, бизде көбүнчө тилди сүйгөн, анан кандайдыр бир деңгээлде “чымыны бар”, ыр жазганга,  аңгеме жазганга, кыскасы адабиятка кызыгуусу бар студенттер окушат. Ошолордун көпчүлүгүгүнүн тушоосу ушул гезит аркылуу кесилди. Биздин факультетте окуп жаткан студенттер өзүнүн чыгармасын көтөрүп алып, шаардагы “Ош жаңырыгы”, “Ош шамы” сыяктуу гезиттерге алып барса, бул жөн эле студент экен дегендей мамиле болгондон улам көбү ал жерге баргандан тартынышып, ошондой кырдаалда “Нур” гезитине алып келип, кеп-кеңешин угуп, чыгармачылыгын өстүрүп, чыгармаларын гезит бетине жарыялашат. Мен окуткан көптөгөн студенттеримдин ырлары, аңгемелери, этюддары “Нур” гезитинде жарыяланды. Гезитке жарыяланган чыгармаларды окуп алып, ошол студенттердин төбөсү көккө жетип, кубанып, бир чоң шедеврди жаратып койгондой бактылуу болуп жүргөн күндөрүнө күбө болуп келатам. “Нурду” окуган группалаштарынын, курсташтарынын арасында кадыр-баркка ээ болуп калгандыгын байкап калам.

Сунуш катары айтсам, гезиттин редакторун, эмгек курамын, чыгуу жоопкерчилигин студенттердин өзүнө, мисалы, биздин факультетте билим алып жаткан журналистика бөлүмүнүн студенттерине эле тапшырып берүү керек. Университеттин жетекчилиги тарабынан жалпы көзөмөл жүргүзүлүп, бирок цензура болбоосу зарыл. Ошондо гана ал ар кандай жаңылыктардын, идеялардын чордонуна айланмак. Бир учурда “Нур” гезитине студенттер өздөрү кожоюндук кылган мезгил болду эле, жаңылбасам, ошондогу редактору учурдагы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов болсо керек. Ал учурда Мелис Эшимканов редакторлугу менен "Асаба" деген гезит чыкчу. Ал гезиттин “Пейджер” деп аталган бети бар эле. Ошол маалда “Пейджер” деген сүйлөшкөнгө эмес, маалыматты жөнөткөнгө гана мүмкүнчүлүгү бар аппарат чыккан эле, кыска убакыттын ичинде пайдалануудан чыгып калды. Ошол аппараттагы билдирүүлөрдөй кылып,  "Асабанын пейджерине” элдер түрдүү көйгөйлөрүн, сүйүүсүн, арманын айткан чакан билдирүү жөнөтүшчү. Анан ошол маалыматтар "Асабага" чыгып, гезиттин окумдуулугун арттырган. Ошол идеяны “Нур” гезитине алып келип, студенттердин түрдүү көйгөйлөрү, ойлору, ал түгүл жаш мугалимдерге болгон арзуу сезимдери, сабак окуткандарга карата оң-терс пикирлери бир бетке толо жарыялана баштаган. Гезитке карата суроо-талап өсүп, кандайдыр бир деңгээлде бийиктикке жеткен. Андагы көйгөйлөр жетекчиликке жетип, ар бири менен иштешүүгө мажбур болгон эле. Чыгармачылык эркиндиктин мааниси мына ушунда.

Гезиттин жаралышына алгачкы жолу күбө болгон инсан катары “Нур” гезитин 30 жылдык маарекеси менен чын дилимден куттуктайм. Гезит чыныгы максатына жетип, окуу жайдын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттик жамаатынын сүйүктүү гезити болуп, талбай эмгектенип, жашоосун токтотпостон  өмүр кечире беришин каалайм.