"Пайдалуу аракет вектору" программасынын алкагында 17-ноябрь - Бүткүл дүйнөлүк студенттер күнүнө карата ОшМУнун жатаканалары арасында "Күз берекеси" аттуу кароо сынак уюштурулду.
Майрамдык кече окуу жайдын Таланттар академиясынын ыр-күүлөрү, МИТ факультетинин автоматташтырылган системалар жана санариптик технологиялар кафедрасынын кызыктуу оюндары менен коштолуп, студенттерге жагымдуу маанай тартууланды. Кароо сынактын жыйынтыгында 1-орунду ээлеген 5-жатакананын командасына 5000 сом, 2-орунду ээлеген 4 «Б» жатаканасынын командасына 4000 сом, 3-орунду ээлеген 4 «А» жатакана 3000 сом, калган активдүү катышкан жатаканалар 2000 сомдон акчалай сыйлыкка ээ болушту.
Иш-чара окуу жайдын Аялдар кеңеши жана жатаканалар боюнча координатор тарабынан өткөрүлдү.