Педагогика кафедрасынын жамааты ЖОЖ менен мектептин байланышын ар тараптан күчөтүү максатында түзүлгөн келишимдин алкагында 11-ноябрь күнү Ош шаарындагы Карл Маркс атындагы мектпе-гиназиясында мектеп жамааты,ата-энелер менен жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда кафедра башчы,доцент Г..Жутанова, КРнын эмгек сиңирген мугалими Г.Мадаминов учурдагы окуу-методикалык,илимий-практикалык ишмердүүлүктөгү көйгөйлүү маселелерге токтолушуп анын чечүү жолдорун сунушташты.
Ошондой эле, окуучунун өз алдынча ишмердүүлүгү андагы ата энелердин орду туралуу маселелерге кенири токтолушуп энелер мектебинин программасынын алкагында ишмердүүлүктү жүргүзүүсүн сунушташты. Мектеп-гимназиянын директору Каныкей Кожоевага биргелешип активдүү иштешкендиги үчүн терең ыраазычылык билдиришти.