Керимбек Калыгулов, Ош улуттук драмма театрынын директору:
"Нур" гезити - менин өмүрүмө байланышкан гезит
Советтер союзу тарап, өлкөбүз эгемендүүлүк алгандан кийин мамлекетибизде эркин гезиттер, эркин медиалар, ТВлар чыгып, басма сөзгө көз карандысыздык берилгенден кийин
1992-жылы биринчилерден болуп Ош мамлекеттик университетинде "Нур" гезити түптөлгөн. Гезитти түзүүдө Каныбек Исаков агайыбыз студент кезинде башында болуп, Алишер Токонбаев, Дүйшөн Чотонов, Ош шаардык кеңештин депутаты Абдыжапар Аккулов, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Турсунбай Бакир уулу өңдүү агайларыбыз эмгегин арнаган. Ошол учурда жогорудагы аты аталган жана башка инсандар студенттик гезит түптөө идеясын жүзөгө ашырып, Ош мамлекеттик университетинин ичинде түптөлгөн.
Быйыл “Нур” гезитине 30 жыл болуп, тарых барактарында жазылып турат. 30 жылдан бери үзгүлтүксүз чыгып келаткандыгы жакшы саамалык. Студент кезибизде гезитти барактап, макала берүүгө аракет кылып, кийин иштеп, тагдыр буйруп редактор болуу бактысы да туура келгендигин сыймык менен айтып өтөм. 2003-жылы гезиттин редакторлугу мага тапшырылды. 10 жылга жакын студенттик "Нур" гезитинин редактору болуп иштедик, тажрыйба топтодук, келген жаштарга өз тажрыйбабызды бөлүштүк. Бизге чейинки иштеген редакторлордун жолун жолдоп, алардын акылын угуп, университетибиздин иш-чараларын уюштурууда жакындан кызмат кылып жүрдүк десем жаңылышпайм. Гезитти барактап, окуп калган кезимде азыркы белгилүү журналисттердин бири Тургунбай Алдакулов агайыбыз, андан кийин волонтёр болуп иштеген кезимде азыркы ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов агай редактор болуп иштеп, бизди журналистика дүйнөсүнө алып кирди. Гезит 5 сомдон сатылып, тиражы 3000 ден 5000ге чейин жеткен. 2003-жылы редакторлук кызматка келгенден кийин чоң жоопкерчилик артылып, ишти баштадык. Жазылган ар бир макаланы оңдоо, гезиттин дизайнын даярдап, басып чыгаруу бир топ эмгекти талап кыларын, гезит чыгарууга катышкан ар бир адам сезе алса керек. Ар бир саны чыккан сайын кийинки гезитке пландарды түзүп, улам жаңыланып, улам изденип турбасаң гезиттин окумдуулугу төмөндөп кетери бышык. “Нур” гезитинин редакциясы жаш журналисттердин мектеби, чыгармачыл студенттердин өнөр канасы, университеттин шаңдуу жаштар тобу катары кызмат кылып, эбегейсиз күчтү моюнуна көтөрүп турат. Ошол жерде иштеген топ студенттердин эч кимине айлык төлөнбөйт, бир эле редакторго айлык төлөнөт болчу.
Гезит чыгарабыз, таркатабыз, анан кайра акчасын топтоп ошол топтолгон акчага дагы кайра гезит чыгарабыз, анча мынча кем-каржыбызды, кеңсебиздин ичин толуктайбыз. Ошентип айына бир жолу чыгарган гезитибиз кызык күндөрдү, күжүрмөн эмгекти тартуулайт. Гезиттин ичинде жаңы ойлор айтылып, сунуштар камтылып, мугалимдер өздөрүнүн ойлору менен келип, мугалимдердин макалаларын чыгарып жандуу болчу. Мен айтайын дегеним ошол убакта студент болуп туруп "Нур" гезитинде иштегендердин көпчүлүгү Кыргызстанга белгилүү журналисттерден болушту. Өзүм иштеп жаткан мезгилде азыркы Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев, белгилүү журналисттер Асанбек Каракозуев, Ыдырыс Ысаков, Замира, Космос Чыдынов, Эрнис Нурматов (кийин редактор болду), Акыл Орозматов, Арген Нуров, Азамат Абсаттаров, Эдил Ташибеков студенттик гезитибиздин белдүү кызматкерлери эле. "Нур" гезити жазуу чеберчилигимди өстүрөм, коом менен иштегенди үйрөнөм деген студенттердин ак жолтой мектеби десем жаңылышпайм. Азыр да кызыктуу күндөрдү эстеп, бири-бирибиз менен жолукканда эскерип турабыз.
"Нур" гезити менин өмүрүмө байланышкан гезит деп айта алам. Себеби, мен алгачкы ишмердүүлүгүмдү гезиттен баштагам 10 жылга жакын иштөө чоң убакыт. 10 жыл убакыт ичинде жаштар менен аралашып, жакындан тааныш болуп, көчүлүгү менен азыр да тыгыз иш алып барып жүрөбүз. “Нур” гезитин жөн эле жөн салды гезит, массалык маалымат каражаты катары эсептебейм. Гезитти көрүп калсам сөзсүз барактап, окуп, бир сыйра таанышып чыгам.
Каныбек Исаков "Нур" гезитине эмгегин арнаган, ойлорун билдирип, сунуштарын айткан. Мен иштеп турган учурда тарбия иштери боюнча проректор болуп, дайыма "Нур" гезитин кантип өнүктүрүү керек, жаңылыктарды кантип киргизүү керек, жаңы, жакшы адамдар менен коллективди кантип толукташ керек, мыкты журналисттерди тартуу боюнча ойлорун ортого салып турчу. Андан кийин, Замир Божонов менен да ушул жолду жолдоп, тыгыз иштештик. “Нур” гезитинин тарыхында ар бир редактордун, ар бир редакциялык топтун мүчөсүнүн өзүнчө орду, жасаган эмгеги бар.