ОшМУнун психология кафедрасынын окутуучулары, магистрлери жана студенттери окуу жайдын ыраазычылык каты, мактоо баракчасы жана "ОшМУнун эмгек сиңирген ишмери" төш белгиси менен сыйланышты.
Алар Баткендеги кыргыз-тажик окуясынан жабыр тарткандарга биринчи психологиялык жардам көрсөтүшкөндөр.
Сыйлоо аземи Дүйнөлүк психологдордун күнүнө карата уюштурулган "Кыргызстандагы психологдордун ишмердүүлүгүнүн мааниси" аттуу форумдун алкагында уюштурулду.
Психологдордон түзүлгөн ОшМУнун мобилдик тобу 2010-жылдан бери Кыргызстандагы түрдүү кырдаалдарда жардам көрсөтүп келет.
Бул тууралуу толук маалымат “Үмүт” телестудиясынын материалында.