ОшМУнун Аялдар кеңеши тарабынан демилгеленип уюштурулуп жаткан "Пайдалуу аракет вектору" программасы уланууда. Кезектеги иш-чара "Мөмө жемиштерди кооздоп кесүү жана кол өнөрчүлүк" аталышында Финансы-юридикалык колледжинде орун алды.
Колледждин студент кыздары мөмө жемиштерди кооздоп кесип көрсөтүү менен кол өнөрчүлүктөрүн тартуулашты. Мындай иш-чаралар студент кыздар арасында достук мамилени чыңдап, кулинария, кол өнөрчүлүк багытындагы чыгармачылык шык-жөндөмдөрүнүн жанданышына салым кошот дейт уюштуруучулар.
Иш-чара Финансы-юридикалык колледжинин аялдар кеңешинин төрайымы Акийбат Шарипова тарабынан өткөрүлдү.