Финансы-юридикалык колледжинин 1—курсунда билим алган студент кыздарга тарбия берүү багытында “Студент кыздардын өздүк гигиенасы жана тамеки тартуу, ичимдиктерди колдонуу кыздардын ден–соолугуна тийгизген терс таасирлери” аталышында жолугушуу болуп өттү. Иш-чараны колледждин Аялдар кеңешинин төрайымы Акибат Шарип кызы "Пайдалуу аракет вектору" программасынын алкагында уюштурду.
Иш-чарага конок катары Ош шаарындагы Адам репродуциясы борборунун башкы дарыгери, гинеколог-эндокринолог Айканыш Кадырбекова келди. Ал өздүк гигиена, бүгүнкү кыз-эртеңки эне, ден соолукка туура кам көрүү темаларында маалымат берип, кыздардын суроолоруна жооп берди.
Буга чейин мындай иш-чара студенттик жатаканаларда өткөрүлгөн. Ошондой эле жыл бою окуу жайдын бардык факультет, колледждеринде, жатаканаларында түшүндүү иштери алып барылат.