Түркиянын Гайе фондунун башчысы Мехмет Акшит баштаган делегация ОшМУда болуп окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков, Теология факультетинин деканы Зайлабидин Ажиматов менен жолугушту. Жолугушууда ОшМУ менен Түркиянын Памуккале университетинин ортосунда 2022-жылдын август айында түзүлгөн кызатташуу келишими боюнча пикир алышты.
Бул кызматташтыктын алкагында 2023-жылдын 5-6-октябрында Денизли шаарында жайгашкан Памукале университетинде ОшМУ менен биргеликте “Имам Серахси” деген аталыштагы эл аралык илимий конференция өткөрүүнү макулдашышты. Андан сырткары окумуштуу-аалым Имам Серахсинин “Аль Мабсүт” атуу 30 томдук китебин ОшМУнун теология факультетинин окутуучуларынын жардамында кыргыз тилине котору иштерин талкуулашты.