ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков,окуу иштери боюнча проректору Замирбек Божонов, пландоо-финансылык бөлүмдүн начальниги Пусур Тегин Замир Бишкек шаарында Билим берүү жана илим министрлиги өткөргөн семинарга катышып жатат.
Семинар Кыргыз Республикасынын Президентинин № 243 Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Жол картасын кайра карап чыгуу темасында уюштурулган.
Аталган жыйынга Билим берүү жана илим министрлигинин өкүлдөрү, Өзгөчө статус алган 5 жогорку окуу жайдын ректорлору, проректору катышууда.