Бишкек шаарында 16-22-январь күндөрү өткөн волейбол боюнча өлкөнүн клубдар аралык XV чемпионатында ОшМУнун "ОшМУ-Университет" волейбол кесипкөй балдар клубу Улуттук лигада оюн көрсөтүштү. Чемпионаттын эң жогорку баскычы болгон Улуттук лигада 8 команда ойнойт. 1-турдун жыйынтыгы менен "ОшМУ-Университет" профессионал балдар клубу 12 упай чогултуп, жалпы эсеп боюнча командалар арасында 1-орунда келе жатат.
Клубдун президенти - ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.
Клубдун жетекчиси - Бакытбек Кулуев.
Клубдун машыктыруучу-оюнчусу - Тайирбек уулу Эрлан.
Клубдун капитаны - Жунусов Өмүр.
"ОшМУ-Университет" волейбол клубу 2018-жылы негизделген.
Ал эми волейбол боюнча кыздар арасындагы Кыргызстандын XV ачык чемпионатынын Улуттук лигасынын 1-турунун жыйынтыгы боюнча "ОшМУ-Университет" кыздар кесипкөй клубу жалпы эсеп боюнча 2-орунда келе жатат. "ОшМУ- университет" кыз-келиндер волейбол клубу 2020-жылы түзүлгөн. Өлкөнүн түштүгүндөгү жалгыз волейбол клуб болуп саналат.
Башкы машыктыруучу - Нурзат Исмаилова.
Машыктыруучунун жардамчысы - Уланбек уулу Курсантбек.
Команданын капитаны - Нышанбаева Гулима.
ОшМУнун жалпы жамаатынын атынан окуу жайдын намысын коргоп жаткан "ОшМУ-Университет" кыздар кесипкөй клубуна жана "ОшМУ-Университет" балдар кесипкөй клубунун жалпы курамын окуу жайдын жалпы жамаатынын атынан куттуктап, кийинки турларга ийгилик каалайбыз!