2023-жылы ОшМУда CurriculumGlobAle (CG) программасын окутуу жана ишке ашыруу боюнча иштер башталат, тандалып алынган катышуучулар акысыз тренингдерге катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Билим берүү тармагындагы эң активдүү катышуучулар CG программасына конкурстук негизде тандалып алынат;
Тренингдерге, семинарларга активдүү катышкан катышуучулар CG программасынын 6 модулдан турган этаптуу окутууларына катышууга мүмкүнчүлүк алышат.
Программаны ишке ашыруу катышуучулардын билим деңгээлинин, көндүмдөрүнүн жана жеке сапаттарынын өзгөрүшү жөнүндө үзгүлтүксүз чагылдыруусу менен коштолот, бул иш аракет тартылган эксперттер жана DVV- international эл аралык эксперттеринин көзөмөлдөөсү жана сунуштары менен коштолот.
КАТЫШУУНУ КААЛАГАНДАР ҮЧҮН ТАЛАПТАР
Сынакка окууга каалоосу жана мүмкүнчүлүгү бар, CurriculumGlobALE программасын ишке ашырууга кызыкдар билим берүү системасында эмгектенген бардык каалоочулар катыша алат. Тандоо берилген резюменин, иш берүүчүнүн сунушу жана маектешүүнүн негизинде жүргүзүлөт.
Талапкер төмөнкүлөргө милдеттүү:
Бакалавр даражасынан төмөн эмес жогорку билимге ээ болуу;
ОшМУда практикалык тренер же окутуучу болуу;
Тренерликти алып жүргөндөр же мугалим катары тажрыйбасы барлар;
Уюмдун жетекчилигинин колдоосун алуу;
Орус тилинде эркин сүйлөй билүү;
Тренинг жана башка CG иш-чараларынын учурунда Бишкек шаарына жана башка региондорго барууга мүмкүнчүлүгү барлар.
Талапкерлерге кошумча упайлар берилет:
кыргыз тилинде сүйлөө;
англисче же немис тилинде сүйлөө.
DVV International долбоорунун алкагында программанын катышуучуларын тандоо конкурсуна катышуу үчүн резюмеңизди жана коштомо катыңызды 2023-жылдын 17-февралынан кечиктирбестен жөнөтүүнү суранабыз.
Резюмени коштомо кат менен төмөнкү даректерге жөнөтүңүз:
makebaeva@dvv-international.kg
Анкета толтуруу үчүн форма:
https://forms.gle/oGy2Zd3Sf4ZbaBey6
Жумуш берүүчүнүн сунушунун жазылуу формасы
https://www.oshsu.kg/storage/uploads/files/21674642819PRILOZhENIE_1_(2).docx