ОшМУнун Эл аралык билим берүү программалары колледжинин жети тайпасынын студенттери 5 чакырымга жөө жүрүш иш-чарасына катышты. Иш-чара шаардагы 36806 аскер бөлүгүндө өткөрүлдү.
Жөө жүрүш Сталинград согушуна катышкан баатырлардын көрсөткөн эрдиктерин эскерүүгө жана Сталинград согушунун 80- жылдык маарекесине арналып уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер Ооган согушунун жана 1999-2000-жылдардагы Баткен коогалаңынын ардагерлери менен жолугушуп, баарлашты. Ошондой эле Сталинград согушу жөнүндө кыска метраждуу фильм көрүштү.
Студенттерди аталган иш-чарага Индустриалдык-педагогикалык колледжинин окутуучусу, подполковник Ж. Самидинов жетектеп барды.