Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы Спорт сарайында самбо боюнча Кыргызстандын ачык чемпионаты өттү. Спорттук мелдешке ОшМУнун юридика факультетинин 3-курсунун студенти Тимурлан Токтоболотов катышты. Жыйынтыгында Тимурлан Токтоболотов 1-орунду алып, КРнын эркектер арасындагы күжүрмөн самбо боюнча чемпиону болду.
Мелдеш спорттук жана күжүрмөн самбо боюнча, кыз-келиндер арасында: 50, 54, 59, 65, 72, 79, 80, +80 кг, эркектер арасында: 58, 64, 71, 79, 88, 98, +98 кг салмакта,
Күжүрмөн самбо (эркектер арасында): 58, 64, 71, 79, 88, +98 кг салмакта категориясында өттү.
Мелдеште өлкө боюнча 280ден ашуун спортчу күч сынашты.