Өзбекстандын борбор калаасы Ташкент шаарында "Жылдын эң мыкты илимий макаласы - 2023" аттуу КМШ өлкөлөрүнүн жаш илимпоздору арасында эл аралык конференция болуп өттү. Аталган конференцияга Тарых жана социалдык иштер факультетинин 2-курсунун магистри Азирет Заидов, Кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин 3-курсунун студенти Исхак Эгемназаров, Математика жана информациялык техналогиялар факультетинин 2-курсунун студенти Мухаммадкодир Адиловдор катышып келди.
Конференцияга катышкан жаш окумуштуулар баяндамаларын окуп, төш белги, диплом, сертификаттар менен сыйланышты жана илимий макалалары атайын журналга жарыяланды.
Иш-чара "National Publication" илимий басылмасы, Ташкент облусунун жаштар кеңеши, Өзбекстандын руханий жана агартуучулук борбору, Өзбекстан Республикасынын элге билим берүү министрлиги тарабынан уюштурулган.