Окуу жайда Accelerate Prosperity уюму тарабынан демилгеленген, АГАХАН фонду жана USAID уюмунун колдоосу менен ишке ашкан Youth Cup пре-инкубациясынын ачылышы болду. Ачылышка ОшМУнун ректору баштаган ректордук жамаат, Accelerate Prosperity уюмунун жетекчилери, белгилүү ишкерлер жана Жалал –Абад ,Баткен , Ош шаарынан бизнес идеялары бар студент-жаштар катышты.
Иш – чаранын жүрүшүндө ,товардык белгилерди жана патенттерди каттоо маселелери, бизнестеги каталар боюнча катышуучуларга аталган уюмдун жетекчилери , ишкерлер маалымат беришти. ОшМУнун жаштар бизнес паркы да бул программага өнөктөш катары катышты .
Youth Cup пре-инкубациясы программасына катышуу үчүн мыкты идея жана күчтүү команда керек болот. Программанын алкагында ар бир долбоорго 10000$дан грант алуу мүмкүнчүлүгү каралган. Accelerate Prosperity программасы Кыргызстанда 2018-жылдан тарта иштеп келет. Жыл сайын стартаптары бар жаштар үчүн 5тен 10го чейин инкубация программалары өткөрүлөт.
Youth Cup пре-инкубациясынын Ош шаарында ачылып , окуу жайлар менен кызматташуусун негизги максаты –идеяга бай жаштарды каражат ,бизнес жаатында тиешелүү билим менен камсыз кылуу жана ойлоп табуучуларды колдоо болуп саналат.