Ош шаарынын жогорку окуу жайларынын жана кесиптик орто окуу жайларынын кызматкерлери арасында «Ден-соолук - 2023» спартакиадасы 14-мартта башталып, төрт күнгө созулду. Спорттук иш-чарага Ош шаарындагы жогорку жана орто окуу жайларда эмгектенген кызматкерлер катышты. ОшМУнун курама командасынын төмөндөгүдөй жыйынтыктарга ээ болду.
Волейбол:
40 жаштан жогорку агайлар командасы 2-орун
40 жашка чейинки агайлар командасы 1-орун
40 жаштан жогорку аялдар командасы 1-орун
40 жашка чейинки аялдар командасы 3-орун
Футбол:
40 жаштан жогорку оюнчулар командасы 1-орун
40 жашка чейинки оюнчулар командасы 1-орун
Стритбол:
40 жаштан жогорку оюнчулар 1-орун
40 жашка чейинки оюнчулар 1-орун
Ордо:
ордо оюнунун командасы 1-орун
Шахмат:
агайлар командасы 1-орун
аялдар командасы 1-орун
Тогуз коргоол:
агайлар командасы 3-орун
Стол тенниси:
40+ оюнчулар командасы 3-орун
40 жашка чейинки агайлар командасы 1-орун
аялдар командасы 1-орун
«Ден-соолук - 2023» спартакиадасы Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагында иштеген кызматкерлердин арасында дене тарбия жана спортту өнүктүрүү, аларды сергек жашоого үндөө максатында болуп өттү. Жеңүүчү командалар жайында Ысык-Көлдүн жээгинде өткөрүлүүчү республикалык мелдешке катышууга жолдомо алышты.