Кыргызстандын экономикалык, социалдык жана маданий калыптануусуна зор салым кошкон Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана саясий ишмери Абсамат Масалиевдин 90 жылдыгына карата иш-чара өттү. Ага Ош шаардык мэриясынан өкүлдөр, коммунисттер жана Ош мамлекеттик университетинин ректору Кудайберди Кожобеков катышты.
Эскерүү иш-чарасында Кыргыз Республикасынын Эл баатыры Абсамат Масалиев тууралуу эскерүүлөр айтылып, эстелигине гүл коюлду.
Президент Садыр Жапаров 2022-жылдын 31-декабрындагы “Абсамат Масалиевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгын майрамдоо жөнүндө” жарлыкка кол койгон.