Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын Универсиадасында ОшМУнун ордо боюнча курама командасы 1-орун ээледи. Команда I даражадагы диплом жана 25 000 сомдук сертификат менен сыйланышты.
“Ордо боюнча мелдеште жалпы 14 команда катышты. Эки тайпада оюндар өтүп, тайпанын ичинде командабыз 1-орун менен чыгышты. Финалдык беттештерде Кыргыз улуттук университетинин командасын 16-43 эсебинде жеңсек, биринчи орун үчүн мелдеште Кыргыз мамлекеттик дене тарбия жана спорт академиясынын командасын 30-33 эсебинде уттук. Курама командадагы балдар мыкты оюн алып барышты”,-деди команданын тренери Дүйшөн Жолоев.
Универсиада 3-апрелден 28-апрелге чейин спорттун 17 түрү боюнча өтөт. Тандалган командалар 2023-жылы Бүткүл дүйнөлүк жайкы универсиадага катышат.