Бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрүнө жалпы билим берүүчү мектептерге бөлүштүрүү боюнча маалыматтык жыйын уюштурулду. Жыйын КРнын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 30-июнундгы №355 токтомун ишке ашыруу максатында өткөрүлдү.
Иш-чарага ОшМУнун карьера борборунун жетекчиси Азирет Али Маткалыков ОшМУнун 2022-2023-окуу жылынын бюджеттик негизде билим алган педагогикалык адистиктеринин бүтүрүүчүлөрү катышты.
ОшМУда 2022-2023-окуу жылында педагогика багыты боюнча бюджеттик негизде 180 бүтүрүүчү окуусун аяктап жатат. Ал эми 18-майда жалпы мектептерге бөлүштүрүү жараяны өткөрүлөт.