Е-BILIM FEST фестивалы башталды

Башкы Жаңылыктар

Е-BILIM FEST фестивалы башталды

Image

ОшМУда "Санариптештирүү аркылуу айылдык жамааттар үчүн ачык - айкын келечекти куруу" долбоорунун алкагында Е-BILIM FEST фестивалы өтүп жатат.

Фестивалдын ачылыш аземинде Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Эрнис Толтоев, ОшМУнун дистанциондук билим берүү технологиялар менен иштөө боюнча проректору Таасилкан Жумабаева, Эстониянын Эл аралык өнүктүрүү борборунун долбоорунун менеджери Анна Силем, “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фондунун жана DigiKonus долбоорунун өкүлдөрү сөз сүйлөдү. 

  Е-BILIM FEST алкагында “Илимдеги кыздар” долбоорунун менторлору Робототехника, «3D басып чыгаруу», “Brain-chip”, “Санарип мугалим”, “Мугалимдерди санариптик технологиялар менен тааныштыруу жана окуу процессин жакшыртуу”, “Эмне үчүн жасалма интеллект”, “Анимациялык мультфильм индустриясы кандай иштейт?”, “Компьютердик кызматтын лайфхагы” боюнча көргөзмө мастер-класстарды өтүшөт. Иш-чаранын алкагында “Роза Отунбаеванын демилгеси” Фонду чыгарган балдар үчүн китептердин жарманкеси уюштулган.

Е-билим FEST фестивалынын максаты-жарандарды Кыргызстандын билим берүү системасында санариптештирүү процессиндеги  акыркы жылдары ачылган жаңы мүмкүнчүлүктөр менен тааныштыруу болуп саналат.

ОшМУда өтүп жаткан фестиваль 16:30да жыйынтыкталат.