2023-жылдын 28-апрелинде саат 9-40та ОшМУнун Педагогика, психология факультетинин “Башталгыч билим берүүнүн педагогикасы жана методикасы” кафедрасынын ассистент-окутуучусу Акбарали уулу Дастан НО-5—21 группасында ТОНКМ дисциплинасы боюнча “Терс эмес бутун сандарды кошуу жана көбөйтүү” “ деген темада сабак өттү. Бул сабак ОшМУга жумушка кабыл алуу процедурасынын талабынын 3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Бул сабакка факультеттин окутуучулары, методикалык кеңештин төрайымы, ассистент-окутуучунун устаттары жана ББСБнын сапат менеджменти секторунугн башчысы М.М.Былыковалар катышышты. Сабактын аягында окутуучунун өтүлгөн сабагына каалоолор. ой-пикирлер , методикалык сунуштар айтылды.