2023-жылдын 10-майында ОшМУнун Эл аралык медицина факультетинин КД-1 , КД-3 кафедраларына жаңы жумушка кабыл алынган ассистент-окутуучулар ачык сабак өтүштү. КД-1 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Оморова Айжан 6-eng-3-A группасында “ Ички оорулар -4” дисциплинасы боюнча “ Chronic lymphocytic leukemia” деген темада, КД-3 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Зайналиева Бүкатча “ Үй- бүлөлүк медицина” дисциплинасы боюнча 6-eng-20-A-17 группасында “Allergic diseases in the practice of a family medicine” деген темада, КД-3 кафедрасынын ассистент-окутуучусу Сатаров Уланбек 5-eng-5-A группасында “Поликлиникалык терапия” дисциплинасы боюнча “ Scleroderma and systemic lupus erythematosus” деген темаларда сабактарды өтүштү.
Сабактар ОшМУга жумушка кабыл алуу процессинин талабынын 3-этабы боюнча ишке ашты. Мында окутуучунун компетенттүүлүгүнө баа берилет. Сабакка факультеттеги аты аталган кафедралардын башчылары, окутуучулары жана ББСБнын сапат менеджменти секторунун башчысы М.М.Былыковалар катышышты. Сабактын аягында окутуучулардын өтүлгөн сабактарына ой-пикирлер , методикалык сунуштар айтылды.