Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаары боюнча башкармалыгынын офицери, улук лейтенант Сейтек Тургунбаев, министрликтин Ош шаары боюнча башкармалыгынын Сыноо лабораториясынын офицери, улук лейтенант Урбай уулу Нургазы ОшМУнун табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинде "Өрт коопсуздук эрежелери" боюнча лекция окуду. Факультеттин окутуучулары, студенттери өрт кырсыгынын алдын-алуу боюнча түшүндүрүү иштерине катышты. Лекциядан сырткары өрт өчүрүү кызматкерлери жыйындын катышуучуларына өрт өчүрүү иш аракеттерин практика жүзүндө көрсөтүшүп, өрт өчүргүч гидранттарды иштетүү ыкмаларын үйрөнүштү. Иш-чара өрт коопсуздугу жана анын алдын-алуу иш-аракеттери жөнүндө профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге маалымат жеткирүү максатында уюштурулган.