Билим, илим кызматкерлеринин кесиптик бирлигинин Ош областтык комитети тарабынан уюштурулган окуу жайлардын кызматкерлери арасында өткөн спартакиадада ОшМУ командалык эсепте биринчи орунду ээледи.
Жыйынтык:
Волейбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку эркектер 1-орун;
Волейбол боюнча 40 жашка чейинки эжекелер 1-орун, 40 жаштан жогорку эжекелер 2-орун;
Футбол боюнча 40 жашка чейинки жана 40 жаштан жогорку эркектер 1-орун;
Стритбол боюнча агайлар жана эжекелер арасында (45 жашка чейинки жана 45 жаштан жогорку) 1-орун;
Ордо боюнча агайлар 1-орун;
Шахмат боюнча агайлар жана эжекелер - 1-орун;
Тогуз коргоол агайлар - 1-орун;
Стол тенниси боюнча 40 жашка чейинки агайлар жана эжекелер 1-орун, ал эми 40 жаштан жогорку агайлар 3-орун.
Спартакиаданын жеңүүчүлөрү Ош областтык профсоюз комитети тарабынан дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.