Башкы корпуста "Теорияны, билимди жана илимди колдонмо медицина менен интерграциялоо" аталышындагы илимий конференция өтүүдө. Иш-чара Медицина факультетинин 30 жылдыгына жана медицина факультетинин биринчи деканы, медицина илимдеринин доктору, профессор Жеенбаев Жолборс Жеенбаевичтин 75жылдыгынын алкагында уюштурулду.
Илимий конференцияга окуу жайдын ректору Кудайберди Кожобеков баштаган профессордук-окутуучулук курам, Өзбекстан, Орусия, Италия, Польша жана Казакстандын жогорку окуу жайларынан келген илимпоздор катышууда.
Конференцияда илимий докладдар талкууланып, пленардык отурумдар орун алат. Иш-чаранын жүрүшү онлайнда Zoom платформасы аркылуу өтүп, 22-23-июнь күндөрү уланат.
2013-жылы Медицина факультетинин 20жылдыгына жана медициналык, стоматологиялык клиникалардын ачылышына карата атайын китеп жарык көргөн. Аталган китепте негизинен медицина факультетинин 20 жыл ичиндеги басып өткөн жолу фото галерея аркылуу чагылдырылган.