10-июлдан 20-июлга чейин созулган биринчи турда эң көп өтүнмөлөр түшкөн үч илтиктин каратына Ош мамлекеттик университетинин индустриалдык-педагогикалык колледжи кирип, жалпы 1 миң 49 арыз түшкөн. Ал эми орто кесиптик окуу жайларына тандоонун биринчи турунда өлкө боюнча 30 миң 531 абитуриенттин арызы катталды.
2023-2024-окуу жылына карата орто кесиптик окуу жайларына тандоо “Абитуриент онлайн https://2020.edu.gov.kg/spuz/ автоматташтырылган маалыматтык системасы аркылуу жүргүзүлүүдө. Абитуриенттер колледждин жайгашкан жерине барбай эле электрондук формада арыз бере алышат.
Эскерте кетсек, тандоонун экинчи туруна арыздар 28-июлдан 7-августка чейин, үчүнчү турга 14-августтан 24-августка чейин кабыл алынат.
Бүгүн, 24-июлдан ЖОЖдорго кабыл алуунун экинчи туру башталды.