Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын жогорку окуу жайлары чөлкөмдөгү өсүмдүктөрдүн ар түрдүүлүгүн сактоо боюнча кызматташууну көздөп жатат. Бул тууралуу 4-6-сентябрь күндөрү Ташкент шаарында өткөн II эл аралык симпозиумда талкуу болду.
Иш чарага ОшМУнун Жалпы биологиялык дисциплиналар жана биологияны окутуу усулу кафедрасынын доценти, Медициналык коллеждин фармацевтикалык дисциплиналар комиссиясынын төрагасы Орунбек Коланов жана Ботаника кафедрасынын башчысы Орозбай Маматкулов катышты.
Иш сапардын алкагында Өзбекстандын Илимдер академиясынын Ботаника институна караштуу Ташкент ботаникалык багы, Улуттук гербарий фонду, Молекулалык филогения жана биогеография лабораториясы жана Өсүмдүк заттарынын химиясы институту менен кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.
Ошондой эле үч өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ботаника, биология факультеттери, кафедралары жана лабораториялары менен тажрыйба алмашуу макулдашылды. Мындан сырткары студенттер жана окутуучулар арасында академиялык мобилдүүлүк программаларын ишке ашыруу боюнча да бир пикирге келишти.
Симпозиум Өзбекстандын Илимдер академиясынын Ботаника институту тарабынан уюштурулду. Ага Кытай, Корея, Иран, Польша, Германия, Монголия, Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ботаника боюнча окумуштуулары катышты.