Аспиранттар жана изденүүчүлөр илимий  изилдөөлөрдүн методологиясы маалымат алышты

Башкы Жаңылыктар

Аспиранттар жана изденүүчүлөр илимий  изилдөөлөрдүн методологиясы маалымат алышты

Image

Аспиранттар жана изденүүчүлөр “Илимий изилдөөлөрдүн методологиясы” деген аталыштагы окутуудан өтүштү. Тренинг 12-октябрда Ош мамлекеттик университетинде уюштурулду.

Анда окуу жайдын Аспирантура жана докторантура бөлүмүнүн башкы адиси Гүлжамал Анарбаева аспиранттардын жана изденүүчүлөрдүн негизги иш-милдеттери, анын уюштурулушу боюнча маалымат берди. Мындан сырткары илимий изилдөөлөрдүн методологиясынын негиздери, ишмердүүлүктү баалоонун критерийлери талкууланды. Аны менен катар эле РИНЦ,  SCOPUS, “Web of sсience”  системаларынын басылмаларына  кантип макалаларды жарыкка чыгарууну көрсөтүп берди. Катышуучулар кызыккан суроолоруна жооп алышты.

2022-жылы Билим берүү жана илим министрлиги ЖОЖдордон алгачкы болуп ОшМУнун аспирантурасына 15 тармак боюнча 101 адистикке лицензия берген. Учурда окуу жайда 300гө жакын аспирант окуп, илимий-изилдөө иштерин жүргүзүп жатат. Алардын илимий жетекчилеринин саны 115 окумуштууну түзөт. Анын ичинен 110у илимдин доктору, профессорлор, бешөө окумуштуу, илимдин кандидаты жана доценттер.

ОшМУдагы 45 илимдин доктору, профессорлор, эки илимдин кандидаты, доценттер аспиранттарга илимий жетекчилик кылышат. Башка окуу жайлардан, илимий мекемелерден 65 илимдин доктору, профессорлор,  үч илимдин кандидаты, доценттер илимий шакирттерди даярдашууда. Алардын арасында белгилүү илимпоздор, КУИАнын академиктери жана мүчө-корреспонденттери бар.

 

Фото галерея