13-14-ноябрда Бишкек шаарында ЮНИСЕФ уюмунун "Илимдеги кыздар" долбоорунун алкагында “Эко Хакатон-2024” сынагы болуп өттү. Ага Кыргызстандын 17 жогорку окуу жайынан келген студенттик командалар экологиялык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган жашыл жана санариптик стартаптарды сунушташты.
Бул долбоордун алкагында Enactus (Энактус) командаларынын эң перспективдүү долбоорлору көрсөтүлдү. Жыйынтыгында жети топ ЮНИСЕФтин ар бир стартап үчүн 1000 долларлык каржылоосун жеңип алды.
ОшМУнун Enactus командасы өзүнүн "Eco Трубы" долбоору менен грант утуп, 1000 доллардык каржылоого ээ болду.
Эске салсак, ОшМУнун “Энактус” командасы 2023-жылдагы Эко Хакатон-2023 сынагына да катышып, "ReTire" долбоору менен 1000 доллар грант утуп алган.