Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору болуп кайра дайындалды

Башкы Жаңылыктар

Кудайберди Кожобеков ОшМУнун ректору болуп кайра дайындалды

Image

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун тескемесинин негизинде Кудайберди Кожобеков кайрадан Ош мамлекеттик университетинин ректору болуп дайындалды.

Тескеме менен бүгүн, 15-ноябрда Кыргыз Республикасынын Президентинин администрациясынын  тармактык саясат бөлүмүнүн эксперти Медербек Омурбеков окуу жайдын Окумуштуулар кеңешинде тааныштырды. Жыйынга Билим берүү жана илим министринин биринчи орун басары Бекжан Супаналиев да катышты.

“Окуу жайдын бүгүнкү жетишкендиктери биздин беш жылдан бери эмгегибиздин натыйжасы. Бул ийгиликтер үчүн университеттин ар бир жөнөкөй кызматкеринен баштап ректорго чейин баарыбыз ынтымакта, биримдикте, бир багытта иш алып барганыбыздын натыйжасы деп билем. Жамааттын ар бирине ыраазычылык билдирем. Алдыда дагы койгон чоң максаттарыбыз бар, ошол иш-аракеттерди да биргеликте жасап, чоң-чоң ийгиликтерди чогуу багынтабыз деп ишенем”,-деди ректор Кудайберди Кожобеков.

​Кудайберди Кожобеков эмгек ишмердүүлүгүн 1997-жылы ОшМУнун колдонмо математика жана информатика кафедрасында окутуучу болуп баштаган. Эмгек жолунда декандын орун басары, Окуу-информациялык департаментинин директору, окуу иштери боюнча проректор кызматтарын аркалаган. 2017-жылдан 2019-жылга чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары болуп иштеген. 2019-жылдын 11-ноябрынан тартып Ош мамлекеттик университетинин ректору кызматын аркалаган.

Ректор катары эмгектенген беш жыл аралыгында окуу жайда эл аралык мамилелерди кеңейтип, өнөктөш чет өлкөлүк жогорку окуу жайлар менен биргелешкен кош дипломдуу билим берүү программаларын ийгиликтүү ишке ашырууга жетишти.

ОшМУ быйыл QS Quacquarelli Symonds уюму тарабынан сунушталган QS Stars эл аралык университеттер рейтингинде “төрт жылдыздуу” университеттердин катарына кирди.

Эл аралык абройлуу QS рейтингинде (QS Asia University Rankings 2025) ОшМУ Азиядагы эң мыкты 260, ал эми Борбор Азияда эң мыкты 13 университеттин катарына кирди.

“IAAR Eurasian University Ranking  (IAAR EUR) - 2024” эл аралык рейтингинде экинчи орунду ээледи. Муну менен окуу жай Евразиядагы эң алдыңкы университеттердин үчтүгүндө турат. Жалпылап айтканда Ош мамлекеттик университети 4.0 муундагы университке умтулуу жолуна түштү. Беш жыл аралыгында жыйырмадай окуу имарттар курулуп, толук оңдоп-түзөлдү.

Алгачкылардан болуп өлкөдө ОшМУ электрондук окууга, санариптик тейлөөгө өттү. Абитуриент окууга тапшыргандан тартып, диплом алганга чейинки кыймыл-аракеттер санариптештирилди. Беш жыл ичинде маяна жогорулап, илимий изилдөө иштеринде ийгилик жараткандарга, эл аралык рейтиндеги беделдүү журналдарда макаласы жарык көргөн окумуштууларга сыйлык акчалар үзгүлтүксүз берилип келет. Учурда“Өзгөчө макамга” ээ ЖОЖ катары төртүнчү муундагы университетке айлануу, дүйнөлүк рейтингге кирүүгө багыт алууда.

Окуу жай Кудайберди Кожобековдун жетекчилигинде  акыркы жылдарда бекем билим берүү, илимий жана материалдык-техникалык база, заманбап инфраструктура жана санариптик чөйрө түзүүгө жетишти.

ОшМУ билим берүү, илим изилдөө, өндүрүш жана коммерцияланыштыруу системасын ийгиликтүү ишке ашырып, илимий изилдөөлөрдү шаар, регион жана өлкөнүн социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө багыттап келүүдө. Соңку төрт жылда ОшМУнун жалпы суммасы 197 млн сомдук биргелешкен долбоорлору ишке ашырылды. Алардын ичинде 25 млн сому Билим берүү жана илим министрлигинин, 34 млн сом ОшМУнун жана 138 млн сом эл аралык фонддордун инвестициялары болуп саналат.

Соңку эки жылдын ичинде университеттин илимпоздорунун социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган илимий иштеп чыгууларына 22 млн сом бөлүнгөн. Ошондой эле Ош шаарынын жана Ош облусунун бийлиги менен түзүлгөн кызматташуу келишимдеринин негизинде чакан ГЭСтерди жана күн, шамал станциялары сыяктуу альтернативдүү энергия булактарын куруу боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.

ОшМУда «Келечек муундун ХАБы» деп аталган робототехника борбору ачылды. Бул - Борбор Азиядагы жана Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө өлкөлөрдөгү биринчи жана жалгыз лабораториялык борбор болуп калды. Учурда болочок адистерди даярдоо жүрүүдө. Робототехника борбору Кыргызстанда жана аймактагы башка өлкөлөрдө бул тармактын өнүгүүсүнө түрткү болот.

Ошондой эле, экологиялык тармакта "Тоо экосистемаларын сактоо жана жашыл инновациялар" аттуу консалтинг борбору активдүү иш алып барууда. Өзгөн райондук администрациясынын жана Жалпак-Таш айыл чарба башкармалыгынын жардамы менен 300 гектар аянттагы жер көчкү аймагында «Курбу-Таш токою» деп аталган илимий-өндүрүштүк долбоор ишке ашырылууда.

Социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү чечүүгө багытталган ОшМУнун бизнес паркы да жаштарды ишкердик көндүмдөрүнө үйрөтүүдө. Учурда жалпы суммасы 13 млн сомдон ашкан инвестициялар менен 49 стартап иштеп жатат.

Университеттин медициналык клиникасы да билим берүү, илимий изилдөөлөр, практикалык база жана медициналык кызмат көрсөтүү сыяктуу акыркы продуктуларды коммерциялаштыруунун интеграциясын сунуштайт. Аталган жайда амбулатордук-диагностикалык бөлүм, терапия, стоматология, реанимация, хирургия, жүрөк-кан тамыр хирургиясы жана ички органдарды трансплантациялоо бөлүмдөрү бар. Клиникага тез жардам унаасы сатып алынып, кызмат көрсөтүүдө. Аймактардагы тургундардын ооруларын аныктап, дарылоо жүргүзүп, ооруларды алдын алуу, саламаттыкка кам көрүү боюнча “Ден соолук кербени” уюштурулуп турат. Ошондой эле жыл сайын студенттер акысыз дарылануудан өтүшөт.

Президент Садыр Жапаровдун “Ош шаардык клиникалык ооруканасын ОшМУга өткөрүү жөнүндө” жарлыгынын негизинде калаадагы оорукананын эски имаратынын ордуна жаңы жети кабаттуу медициналык клиника курулуп жатат. Курулуш иши аяктап, пайдаланууга берилсе, анын структурасында боор, бөйрөк, сөөк-мээ трансплантациясы, микрохирургия, реанимация, операциялык бөлүм, гепатология, офтальмология, пластикалык хирургия, нефрология, гематология жана диагностика бөлүмдөрү болот жана боор, бөйрөк оорусунан жабыркаган бейтаптарга заманбап медицина кызматын көрсөтүүгө ылайыкташтырууда.

ОшМУ 2024-2025-жылдарга аймактардын маселелерин изилдөөгө, чечүүгө багытталган сегиз илимий долбоорлорду өз бюджетинен колдоого алды. Аны ОшМУнун илимпоздору, окутуучулары, студенттери аткарышат. Бул багытта 2023-жылы Табият таануу, туризм жана агрардык технологиялар факультетинин базасында окуу-өндүрүштүк ветеринардык клиника ачылды. Ал жай шаардык жана райондук бийлик органдары менен бирге жаныбарларды алдын ала текшерүү жана дарылоо боюнча иш-чараларды уюштурат. Айыл чарба продукцияларынын түшүмдүүлүгүн жана сапатын жогорулатуу боюнча фермерлерге жана айыл чарба башкармалыктарынын кызматкерлерине илимий кеңештерди берет. Ошондой эле, мал чарбачылыгы боюнча биотехнологиялык борбор ачуу – асыл тукум мал чарбачылыгы боюнча кичи станция куруу пландаштырылууда.

ОшМУ менен Жапониянын эл аралык кызматташтык, илим жана технология агенттиктери, “ТЕКИЗАИТЕКИШ” ЖЧКсы, Токио медициналык жана стоматологиялык университети  “Спутниктик маалыматтарга жана аймактык химиялык транспорттук моделдөөнүн негизинде абанын булганышын баалоо системасын өнүктүрүү жана абанын булганышын изилдөө борборун түзүү” долбоорунда биргелешип кызматташууда. Анын алкагында абанын булганышын өлчөөчү жабдыктар сатып алынат. Бул техникалар Ош, Бишкек шаарларына жана башка аймактарга орнотулат. Андан соң абанын булганышына мониторинг жүргүзүп жаткан улуттук системага киргизилет. Ал үчүн ОшМУнун кызматкерлери Токио медициналык  университетинен окуп келишет. Долбоордун жалпы суммасы 5 миллион долларды түзөт.

Ал эми кытайлык Xiamen Jinming Energy Conservation Technology Co., Ltd. компаниясы менен таштандыны кайра иштетүү аркылуу электр энергиясын өндүрүүчү станция куруу боюнча кызматташуу тууралуу меморандумга кол коюлду. Ал Кара-Суу районунда курулат. Аймактын экологиялык абалын жана энергия менен камсыздоону жакшыртууну максат кылат. Бул экологиялык жактан алдыңкы долбоор катары Кара-Суу району гана эмес, Ош шаары, Өзгөн, Ноокат, Араван райондору үчүн да таштанды маселесин чечүүгө өбөлгө түзөт. Долбоордун жалпы наркы 40 ммиллион долларды түзөт.

ОшМУнун коммерциялык ишмердүүлүгүн жүргүзүү жобосун  ишке ашыруу максатында Ош шаарынын Төлөйкөн айылында “Эс алуу борборун” калыбына келтирүү менен оңдоп түзөө иштери жүргүзүлүп, 37 орундан турган мейманкана, үч конференция залы, ашкана жайлары курулду. “Эс алуу борбору” жоюлуп, анын ордуна “Conference resort OshSU” коммерциялык ишканасы түзүлдү.

Окуу жайдын Ысык-Көлдөгү “Үмүт” пансионаты толук оңдоп-түзөөдөн өтүп, атайын жобонун негизинде коммерциялык иш-аракетин жүргүзүп баштады.

ОшМУда буюмдарды жасоочу чыгармачыл устаканалар, мода жана дизайнердик кийимдерди иштеп чыгуу боюнча студиялар иштеп жатат.  Киноакадемия тарабынан беш спектакль коюлуп, тогуз кыска метраждуу фильм жана эки көркөм фильм тартылган. Учурда “Абитуриент” аталышындагы сериал тартылып жатат.

Мындан тышкары университетте заманбап спорттук инфраструктура түзүлгөн. ОшМУ профессионалдык клубдарды каржылаган өлкөдөгү жалгыз университет болуп саналат. Окуу жайда волейбол боюнча эркектер жана аялдар кесипкөй клубдары бар. Алар бир нече жолу өлкө чемпиону болуп, кубокторду утуп алышкан. Ошондой эле, футзал боюнча Супер лигада кубок утуп алган команда жана өлкө чемпионатында ийгиликтүү ойноп жаткан «ОшМУ-Алдияр» футболдук командасы бар.

Учурда ОшМУ өзгөчө макамга ээ болгон университет катары билим, илим жана өндүрүштү айкалыштырып, заманбап өндүрүштүк борборлорду  ачып, окутуунун дуалдык системасын ишке ашырууда.

Кудайберди Кожобеков окумуштуу катары эки илимий монографиянын, тогуз окуу усулдук колдонмонун, 90 илимий макаланын, алты автордук күбөлүктүн ээси. Физика, математика илимдеринин доктору, профессор.

Фото галерея