ОшМУнун окутуучулары Түркиядагы эл аралык симпозиумда изилдөөлөрүн сунуштады

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окутуучулары Түркиядагы эл аралык симпозиумда изилдөөлөрүн сунуштады

Image

ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын доценти Гүлжан Койчуманова жетектеген делегация 11-17-күндөрү иш сапары менен Түркияда болушту. Окутуучулар Анкара шаарындагы университеттер менен байланышып, Анталияда өткөн симпозиумга да катышкан.

Койчуманованын билдиришинче, V эл аралык Евразия коомдук илимдер жана искусство симпозиумуна кырктан ашуун белгилүү илимий мекемелердин өкүлдөрү катышкан. Анда жүздөн ашуун баяндамалар жасалган.

Коомдук илимдердеги жана искусстводогу жаңы изилдөөлөр тууралуу илимий докладдар окулуп, психология тармагында «Арт-терапия», сүрөт көргөзмө өткөрүлгөн. Ал эми ОшМУнун окутуучулары Гулжан Койчуманова, Патила Женалиева, Алтынкыз Маматова жана Айчүрөк  Кенжебаева симпозиумдун секциялык ишинде баяндама жасап, изилдөөлөрүн сунушташты.

 “Симпозиумдан кийин Белек университетинде Erasmus программасы боюнча сүйлөшүүлөр өттү. Анын алкагында академиялык мобилдүүлүктү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланып, эки тараптуу кызматташуу сунуштарын айттык. Анкарадагы Хажы Байрам Вели университетинин жетекчилиги менен жолугуп, эки тараптуу кызматташуу боюнча сүйлөшүүлөр орун алды”, -дейт ал. 

Симпозиумду Антальядагы Белек университети уюштурган. 

 

Фото галерея