Студенттер арасында косплей фестивалы өттү

Башкы Жаңылыктар

Студенттер арасында косплей фестивалы өттү

Image

22-ноябрда ОшМУнун Индустриалдык-педагогикалык  колледжинде студенттер арасында косплей фестивалы уюштурулду. Катышуучулар өз колу менен жаңы образ жаратып, тиккен кийимдерди көрүүчүлөргө сунуштады.

Алардын эмгегин калыстар тобу баалап, жеңүүчүлөргө диплом тапшырылды. Иш-чарага колледжде тигүү буюмдарын конструкциялоо, моделдештирүү жана технологиясы, дизайн багыттарында билим алгандар катышты.

Фестивал студенттердин чыгармачылыгын жана өзүнө болгон ишенимин арттыруу максатында уюштурулган. 

Кыргызстанда косплей акырындык менен популярдуулукка ээ болууда. Бишкек сыяктуу шаарларда косплей фестивалдары, мастер-класстар жана тематикалык иш-чаралар өткөрүлөт. Өзгөчө аниме жана оюн сүйүүчүлөр арасында бул иш-чарага кызыгуу жогору.

Косплей – бул белгилүү каармандардын, оюндардагы, кино, аниме, комикстердеги жана мультфилмдеги  каармандардын костюмдарын жана образдарын жаратуу искусствосу.

Фото галерея