ОшМУнун Тоо экосистемаларын коргоо жана жашыл инновациялар боюнча консалтинг борборунун директору Абдыжапар Аккулов "Борбор Азиянын контекстинде гуманитардык илимдерди изилдөө жана окутуу: Экологиялык аспектилер" аттуу IV эл аралык конференцияга онлайн катышып, баяндама жасады. Иш чара 23-ноябрда өтүп, аны “Ага Хан” фондунун "Адам таануу" долбоору уюштурган.
Аккулов анда климаттын өзгөрүү шартында тоолордун дүйнөлүк маанисине жана Кыргызстандын экологиялык көйгөйлөрүнө токтолду. Ал тоо экосистемалары азыркы учурда социалдык-экономикалык кырдаалдардын курчушу шартында өзгөчө мамиле жана камкордукту талап кыларын айтты. Мамлекеттик институттардын, жарандык коомдун, эл аралык уюмдардын аракеттерин интеграциялоо аркылуу мамлекеттик экологиялык саясатты кайрадан карап чыгуу зарылдыгы белгиледи.
Ошондой эле "Курбу-Таш токой" долбоорун мисал келтирди. Анын алкагында жергиликтүү жамааттардын, ОшМУнун күчү, USAID уюму жана “Ага Хан” фондунун колдоосунда агро- мелиорациялык иш-чаралар аркылуу биорекультивация жүргүзүлүп, 90 гектардан ашык жердеги көчкү тосмого алынган. 30 гектардан ашык аймакка токой отургузулган. Аккулов бул аракеттер өз жемишин берип жатканын да баса белгиледи.