Ош: окуучуларга “дары” наркоманиясы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Башкы Жаңылыктар

Ош: окуучуларга “дары” наркоманиясы боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

Image

Ош шаарындагы Макаренко, Киров атындагы орто мектептердин окуучуларына “дары” наркоманиясы, анын ден соолукка тийгизген кесепети жана алдын алуу жолдору боюнча атайын окутуу болду. 

Тренингди аларга““Дары” наркоманиясына каршы күрөш: Кыргызстанда коомдук коопсуздукту камсыздоо үчүн чараларды иштеп чыгуу” долбоорунун жетекчиси Аманай Акматова, долбоордун эксперти Диларам Мадаминова жана “Ак-Буура” шаардык милиция бөлүмүнүн улук лейтенанты Самат Кылычбек уулу өтүп берди. 

Окутуу 13-20-21-ноябрь күндөрү мектептерде уюштурулду. Буга Казакстандагы Евразия улуттук университетинен келип, ОшМУнун Филология жана маданият аралык коммуникация институтунда билим алып жаткан студенттер да көмөктөшкөн.

Долбоор Ош мамлекеттик университетинин доценти Аманай Акматованын жетекчилигинде ишке ашууда. Илимий изилдөө “дары” наркоманиясын алдын-алуу, аныктоо жана дарылоо боюнча натыйжалуу чаралардын комплексин иштеп чыгууну көздөйт.

Буга чейин долбоордун өкүлдөрү Баткен шаарындагы беш мектептин окуучуларын да окутуудан өткөрүшкөн.  



 

Фото галерея