Ош: ЖОЖдордун окутуучулары академиялык басма чеберчилиги боюнча окутуудан өттү

Башкы Жаңылыктар

Ош: ЖОЖдордун окутуучулары академиялык басма чеберчилиги боюнча окутуудан өттү

Image

Ош облусундагы жогорку окуу жайлардын 30га жакын окутуучусу академиялык жазуу, эл аралык журналдардын талаптары жана макала жарыялоо боюнча көндүмдөрдү үйрөндү. Тренинг ОшМУнун  Эл аралык медицина факультетинде 18-22-ноябрь күндөрү өттү. 

Ошондой эле Миннесота университетинин профессору Урмат Тыналиев жана БААУ Ph.D доктору Миргул Низаева тажрыйбалары менен бөлүштү.. Тренингдин жыйынтыгында Scopus базасына кирген журналдарга 30 макала сунушталып, изилдөөчүлөрдүн ортосунда кесиптик коомчулук түзүлдү.

Окутуу АКШ өкмөтү каржылаган чакан гранттар, ошондой эле ОшМУнун ички гранттар программаларынын колдоосу менен уюштурулган.

 

Фото галерея