ОшМУда 25-ноябрда Өзгөн, Кара-Суу райондорунан келген мугалимдерге жана бала бакча тарбиячыларына кесибин өркүндөтүү боюнча сертификаттар тапшырылды.
90 мугалим үч багытта – бакчада иштеген педагогдордун кесиптик компотенцияларын өркүндөтүү, республикалык тестирлөөгө даярдоо, кыргыз тили, математика предметинин В2, С1 деңгээлинде теориялык жана практикалык жөндөмгө ээ болушту. Ал үчүн 72 сааттык окутуудан өтүшкөн. Семинарды Ош мамлекеттик университетинин Квалификацияны жогорулатуу борборунун адистери жүргүзүштү.
Окуу жайдын коомчулук менен иштөө жана жаштар саясаты боюнча проректору Нуржамал Мапаева, Академиялык иштер жана билим берүү саясатын өнүктүрүүнү стратегиялык пландаштыруу башкармалыгынын жетекчиси Жылдыз Артыкова мугалимдерди куттукташты. Ошондой эле Квалификацияны жогорулатуу борбору тарабынан жасалып жаткан иштердин артыкчылыктарын белгилешти. Айтымдарында, мугалимдердин билимин толуктагандан кийинки өндүрүштөгү жетишкендиктери университеттин ийгилиги катары да бааланат.
Ал эми борбордун директору Ташболот Жороев мекеменин ишмердүүлүгү, окутуунун жүрүшү, алдыдагы пландар боюнча маалымат берди. Кара-Суу райондук админстрациясынын башчысы Канат Табалдиев менен аймактагы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Акбермет Толтоевага ОшМУнун ыраазычылык баракчалары тапшырылды.
ОшМУнун Квалификацияны жогорулатуу борборунунун иштеп баштаганына он жылдан ашты. Алар педагогикалык жана педагогикалык эмес адистердин квалификациясын жогорулатуу, түрдүү адистиктер боюнча кыска мөөнөттүү курстарды окутуу лицензиясына ээ. Борбордон биринчи медициналык жардам көрсөтүүнү, укалоо, бычып тигүү, ашпозчу, музыкалык аспаптарда ойноо, бармен, официант, кыргыз, орус, англис, араб, немец, корей, кытай, жапон тилдерин өздөштүрсө болот.
Андан сырткары ЖРТга даярдоо, 1С бухгалтерия, компьютердик графика, программалаштыруу, бухгалтердик эсеп, информатика жана мамлекеттик сатып алууларга окутуу, каржы эсеби, салыктар, декоративдик колдонмо искусствосу, уюлдук телефондорду оңдоо, техникалык жактан тейлөө жана модернизациялоо, бизнести долбоорлоо сыяктуу окутуулар бар.