ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Нурлан Омуров жана санариптик трансформациялоо жана электрондук билим берүү боюнча проректор Уларбек Молдояров Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын финансылык ишмердүүлүгүн санариптештирүү боюнча онлайн семинарга катышты.
Анда Нурлан Омуров жогорку окуу жайлардын финансылык башкаруусун жөнөкөйлөтүү, ачыктыкты камсыз кылуу жана иштин натыйжалуулугун жогорулатуу керектигин айтты. Ал ошондой эле санариптештирүү заманбап университеттердин ийгилигинин ажырагыс бөлүгүнө айланып жатканын белгиледи.
Ал эми Уларбек Молдояров ОшМУнун мисалында билим берүү процессин санариптештирүү иштери боюнча маалымат берди. Окуу жайдын бул багыттагы тажрыйбасы менен бөлүштү.
Семинарда жогорку окуу жайларда финансылык ишмердүүлүктү санариптештирүүнүн негиздери жана тажрыйбалар, заманбап технологияларды колдонуудагы келечектүү багыттар талкууланды.
Иш-чара Erasmus+ программасынын алкагында ишке ашырылып жаткан DEFA (Кыргызстандын университеттеринин финансылык автономиясын өнүктүрүү) долбоорунун алкагында уюштурулду. Аны
Ош мамлекеттик университети, Кыргыз мамалекеттик техникалык университети жана Ала-Тоо эл аралык университетинин демилгелеген. Ага Кыргызстандагы 18ден ашуун өнөктөш окуу жайларынын финансы боюнча жооптуулары, структуралык бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты.