Кытайлык окумуштуулар ОшМУда академиялык өркүндөтүү багыты боюнча семинар өттү

Башкы Жаңылыктар

Кытайлык окумуштуулар ОшМУда академиялык өркүндөтүү багыты боюнча семинар өттү

Image

Окутуу 26-27-ноябрь күндөрү ОшМУнун Кыргыз-кытай  факультетинде уюштурулду. Семинарды Синьцзян педагогикалык университетинин доктору Лю Хон Ю жана кытай тили жана адабияты факультетинин доценти Чжан Цзе өтүп берди. 

Алар студенттер менен окутуучуларга макала жазууну, алдыңкы илимий журналдарга тапшыруу, маданияттар аралык байланыш жаатындагы академиялык изилдөөлөр боюнча айтып беришти.

Семинардын максаты терең академиялык баарлашуу аркылуу окутуучулардын кесиптик квалификациясын жана педагогикалык жөндөмдөрүн ар тараптуу жогорулатуу болду. Ошондой эле Конфуций институтунун алкагында академиялык изилдөө, педагогикалык инновацияларды андан ары өнүктүрүүгө көмөктөшөт. 

Жыйынтыгында катышуучуларга эл аралык сертификаттар тапшырылды.

 

Фото галерея