ОшМУнун окумуштуулары Британия II эл аралык конгрессине катышты

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун окумуштуулары Британия II эл аралык конгрессине катышты

Image

 Филология жана маданият аралык коммуникация институтунун факультеттер аралык кыргыз тили кафедрасынын окутуучулары  “Илимдер аралык изилдөөлөр жана практикалар” боюнча Британия II эл аралык конгрессине онлайн катышты. Иш-чара 26–январдан 26-январга чейин болду. 

Анда доцент Гүлжан Койчуманова “1960-1970-жылдардагы кыргыз поэзиясынын өнүгүү тенденциялары” деген темада илимий баяндама жасады. Кафедранын окутуучулары да илимдер аралык изилдөөлөр боюнча талкууларга катышып, пикирлерин билдиришти. Жыйынтыгында сертификаттарга ээ болушту.

Эл аралык конгресске Түркия, Азербайжан, Түндүк Кипр Түрк Республикасы, Кыргызстан, Түркмөнстан, Албания, Өзбекстан, АКШ, Грузия, Алжир, Малайзия, Ирак, Молдова, Польша, Пакистан, Индия, Филиппин, Румыния, Болгария, Катар, Италия жана Иорданиядан окумуштуулар катышты.

 

Фото галерея