ОшМУнун архиви тарыхый видео жана фото материалдар менен толукталды

Башкы Жаңылыктар

ОшМУнун архиви тарыхый видео жана фото материалдар менен толукталды

Image

Ош мамлекеттик университети өзүнүн тарыхый архивин жаңы, баалуу документтер менен толуктады. Ал үчүн Бишкектеги мамлекеттик кинофотофонодокументтер архивинен окуу жайдын 1940–1960-жылдардагы ишмердүүлүгүн чагылдырган сүрөт жана кино материалдар алынып келинди.

Бул иш аракетти окуу жайдын жетекчилиги демилгелеген. Документтерди алуу үчүн тарых илимдеринин кандидаты, “Билим” лицейинин директору Нурсултан Кубанычбек уулу атайын жиберилди. Жыйынтыгында ОшМУнун фондуна буга чейин жарыяланбаган 15 сүрөт жана үч кино документтин көчүрмөлөрү электрондук форматта алынып келинди. 

Мындан сырткары К.Баялинов атындагы китепкананын мезгилдүү басылмалар бөлүмүндө сакталып турган эски гезит-журналдардын көчүрмөлөрү да алынган. Алардын арасында Ош облустук “Ленин жолу” гезитинде жарыяланган Ош мамлекеттик мугалимдер институту жана Ош мамлекеттик педагогикалык институту тууралуу ар кандай мезгилдердеги макалалар, жарыялар жана башка маалыматтар (жалпысынан 25 бет) камтылган.

Бул тарыхый материалдар окуу жайдын фондун байытып, анын 40–60-жылдардагы ишмердүүлүгүн изилдөө үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Университет жетекчилиги тарыхый мурастарды сактоо жана изилдөө боюнча мындан ары да активдүү иш алып барууну көздөөдө. 

Фото галерея