Колледждин студенттери илимий конференцияда ийгиликке жетти

Башкы Жаңылыктар

Колледждин студенттери илимий конференцияда ийгиликке жетти

Image

Ош мамлекеттик университетинин колледждеринин студенттери Ош көп профилдүү колледжинде өткөн илимий-практикалык конференцияда I даражадагы диплом менен сыйланышты. 

“Жаңы технологиялар келечекти аныктайт” аталышындагы илимий конференция аталган колледждин 60 жылдык мааракесине арналып 8-апрелде уюштурулду. Анда ОшМУнун Финансы-юридикалык колледжинин экономика жана бухгалтердик эсеп адистигинин 3-курсунун студенти Керимбай Камалов “Негизги каражаттардын амортизациялык эсебин жүргүзүүдөгү айрым көйгөйлөр” темасындагы макаласы менен катышып, биринчи даражадагы дипломго ээ болду. 

Анын илимий жетекчиси Кубаныч Исаков: “Илимий иште теория жүзүндө айтылган материалдардын баары практикада тастыкталып көрсөтүлгөн. Бул макаланын артыкчылыгы болуп калды”, -дейт. 

Ушул эле конференцияда Индустриалдык-педагогикалык колледждин мектепке чейинки билим берүү адистигинин 3-курсунун студенти Мырзагүл Абдимомунова “Мектепке чейинки курактагы балдарга экологиялык тарбия берүү” темасын коргоп, биринчи даражадагы диплом менен сыйланды. Ал эми Мастура Абдурашитова “Мектепке чейинки билим берүүдөгү жасалма интеллект: заманбап технологиялар келечектин мектепке чейинки билим берүүсүн кандай өзгөртөт” деген макаласы менен катышып, сертификатка ээ болду. Алардын илимий жетекчиси Үмүт Таалай кызы.    

Илимий-практикалык конференцияга Ош шаарындагы жети колледждин студенттери катышкан.

 

Фото галерея