Табият таануу, дене тарбия, туризм жана агрардык технологиялар институтунун доценти Акылбү Зулушова Казакстандын Алматы шаарында өткөн эл аралык конференцияда «Туруктуу өнүгүү шартында окутуунун заманбап технологиялары (география сабагын окутуу мисалында)» аталышында баяндама жасады.
Илимий иш-чара 8-апрелде Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинде өткөн. Зулушова баяндамасында билим берүү тармагындагы жаңы технологияларды туруктуу өнүгүү контекстинде колдонуу боюнча айткан. Ошондой эле география сабагын окутууда инновациялык ыкмаларды киргизүү маселелерине токтолгон.
Конференция белгилүү окумуштуу, Казак улуттук кыз-келиндер педагогикалык университетинин физика кафедрасынын профессору, педагогика илимдеринин доктору, Эл аралык илимдер академиясынын академиги Гүлшахан Алимбекованын 75 жылдык мааракесине карата уюштурулган. Анын алкагында билим берүү системасын өнүктүрүү, санариптештирүү, инклюзивдүүлүк жана туруктуу өнүгүү багыттары боюнча кеңири талкуулар жүрдү.