
ОшМУнун Математика, физика, техника жана информациялык технологиялар институтунун окутуучулары, магистранттары, студенттери “Илим жана билимди өнүктүрүүдөгү санариптик технологиялар жана инновациялар” аттуу юбилейлик V бүткүл орусиялык илимий-практикалык эл аралык конференцияга дистанттык форматта катышты.
Анда Математика, информатиканы окутуу технологиялары жана билим берүүдөгү менеджмент кафедрасынын башчысы Аида Келдибекова “Окутуудагы позитивдүү тажрыйбаны калыптандырууда санариптик ресурстардын потенциалы” деген темада пленардык бөлүктө баяндама жасады. Ал өз сөзүндө 1930-жылы Чуваш өлкөсүндө Чуваш мамлекеттик педагогикалык институту алгачкы улуттук жогорку окуу жайы катары негизделгенин, анын курамында физика-техникалык бөлүм болгонун, кийин ал физика-математикалык факультетине айланганын белгиледи. Келдибекова учурда Физика-математикалык билим берүү, информатика жана технологиялар факультети ОшМУ менен кош дипломдуу билим берүү боюнча кызматташып келе жатканын айтты.
Конференцияда окутуучулар, магистранттар илимди жана билимди өнүктүрүүдөгү санариптик технологиялар жана инновациялар багытындагы темаларда баяндама жасашты. Жыйынтыгында уюштуруучулар тарабынан сертификаттар ыйгарылды. Иш-чара И. Я. Яковлев атындагы Чуваш мамлекеттик педагогикалык университетинин 95 жылдык мааракесине арналып уюштурулду.
ОшМУ менен Чуваш мамлекеттик педагогикалык университети эки багытта – автоматташтырылган бизнес-процесс, каржыны башкаруу адистиги жана орус тили, кошумча англис тили адистиги боюнча кош дипломдуу билим берүү багытында кызматташып келет.