Түркиянын Нажметтин Эрбакан университети менен кызматташуунун бир нече багыттары ишке ашат

Башкы Жаңылыктар

Түркиянын Нажметтин Эрбакан университети менен кызматташуунун бир нече багыттары ишке ашат

Image

Бүгүн, 14-апрелде Түркиядагы Нажметтин Эрбакан университетинин ректору Цем Зорлу баштаган делегация Ош мамлекеттик университетине иш сапары менен келди. Алар окуу жай жетекчиси Кудайберди Кожобеков менен жолукту.

Тараптар эки университеттин ортосунда кызматташтык алаканы түзүү боюнча сүйлөштү. Цем Зорлу ОшМУ Борбор Азиядагы өнүгүп жаткан алдыңкы окуу жай экенин белгиледи. 

Сүйлөшүүнүн жыйынтыгында эки окуу жай ортосунда байланыштын горизонтторун кеңейтүүчү келишимге кол коюлду. Документте студенттер ортосундагы академиялык мобилдүүлүк программасы, окутуучулардын квалификациясын жогорулатуу, эки окуу жайдын илимпоздорунун биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүсү, биргелешкен билим берүү программаларын ишке ашыруу долбоорлору каралган.  

Фото галерея