Акыркы учурда өлкө аймагында жер титирөө көп болууда. 14-апрелдин кечинде Ош шаарында күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталды. Мындай кырдаалга даяр болуу максатында ОшМУнун Медициналык факультетинде машыгуу болду. Машыгуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги менен биргеликте уюштурулду.
Мындай машыгуулар ОшМУда жылына эки ирет өткөрүлөт. Буга чейин окуу жайдын курамындагы колледждерде жарандык машыгуулар уюштурулган.
Бул тууралуу “Үмүт” телестудиясында баяндалат.