Филология жана маданияттар аралык байланыш институтунда 18-апрелде Пасха майрамына арналган орус маданиятынын кечеси өттү.
Иш-чаранын алкагында дүйнөлүк адабият кафедрасынын доценти Занфира Мискичекова Орусиянын Билим берүү министрлигинин атайын долбоору менен Ош шаарына келип, мектептерде иштеп жаткан мугалимдер менен бирге мастер-класс өткөрдү. Анын жүрүшүндө катышуучулар Пасха жумурткасын түрдүү ыкмалар менен боёону үйрөнүштү. Орусиялык мугалимдер Пасханын дагы бир негизги символу – кулич тууралуу маалымат беришти.
Ал эми окуучулар «Агым», «Шакек берем», «Чийки жумуртканы берип кой» сыяктуу элдик оюндарды көрсөтүп, концерттик номерлерди тартуулашты. Катышуучулар мындай маданий жолугушуулар элдердин ортосундагы достук мамилелерди жана өз ара сый-урматты бекемдөөгө салым кошоорун белгилешти.
Кулич – таттуу камырдан даярдалган салттуу майрамдык нан болуп саналат.