«ОшМУнун заманбап лектору» жана «ОшМУнун заманбап окутуучусу» сынагынын жеңүүчүлөрү Бурулча Койлубаева менен Айниса Айтиева кечээ, 15-октябрда окутуучуларга семинар өтүп беришти.
Алар заманбап билим берүү тенденциялары, интерактивдүү окутуу усулдары жана студенттердин активдүүлүгүн арттырууга багытталган ыкмалар боюнча маалыматтарды берип, тажрыйбалары менен бөлүштү. Иш-чара жандуу пикир алмашуу менен өтүп, сунуш-пикирлер берилди.
Окутуунун максаты — мыкты педагогдордун окутуудагы инновациялык ыкмаларын жайылтуу, билим берүүнүн сапатын жогорулатуу жана окутуучулардын кесиптик чеберчилигин өнүктүрүү болуп саналат. Семинарды Ош мамлекеттик университетинин Окутуунун сапаты жана методикалык камсыздоо бөлүмү алдыңкы тажрыйбаларды жайылтуу иштеринин алкагында уюштурду.
Бурулча Койлубаева университеттин Филология жана маданияттар аралык коммуникация институтунун доценти. Ал эми Айниса Айтиева Медицина факультетинин окутуучусу.