ОшМУда улуттук дух жана элдердин биримдиги талкууланууда

Башкы Жаңылыктар

ОшМУда улуттук дух жана элдердин биримдиги талкууланууда

Image

Бүгүн, 20-октябрда Ош мамлекеттик университетине Кыргызстандын ар кандай этностук, маданий жана социалдык катмарларынын өкүлдөрү, Казакстан, Азербайжан, Өзбекстан сыяктуу боордош мамлекеттерден келген илимпоздор, адистер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү чогулду.

Алар окуу жайда өтүп жаткан “Улуттук дух жана элдердин биримдиги: Кыргызстандын тажрыйбасы жана эл аралык практика” аталышындагы конференцияда улуттук баалуулуктарды, элдердин биримдигин чыңдоо багыттарын талкуулашууда. Ошондой эле Кыргыз жараны концепциясынын алкагында жаштарды мекенчилдикке тарбиялоо, эл аралык тажрыйбаларды бөлүшүү аркылуу коомдук иденттүүлүктү бекемдөөгө багытталаган баяндамалар окулуп жатат.

"Мындай диалог, өз ара түшүнүү, өнөктөштүк жана келечекке багытталган стратегиялык ой жүгүртүүнүн аянтчасы болуп саналат. Бул конференциянын жыйынтыктары биздин өлкөнүн жарандык коомунун бекемделишине, улуттук духтун жогорулашына жана эл аралык кызматташтыктын кеңейишине өз салымын кошот деп терең ишенем", —деди ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков.

Эл аралык жыйын “Улуттук дух — дүйнөлүк бийиктик” аттуу Доктринанын, улуттук салт-санааларды сактоо жана өнүктүрүү боюнча 2022–2027-жылдарга карата мамлекеттик программанын, «Кыргыз жараны» жалпы жарандык өздүк идентификация концепциясын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө. Иш-чараны Ош мамлекеттик университети, Кыргызстандын Элдер ассамблеясы, Ош мэриясы жана президенттин Ош облусундагы өкүлчүлүгү биргелешип демилгелеген.

Фото галерея